Жүрөктү көзөмөлдөп туруу кыйын. Ал абдан тез айланат. Абалы улам-улам өзгөрөт.
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жүрөктү көзөмөлдөп туруу кыйын. Ал абдан тез айланат. Абалы улам-улам өзгөрөт.
Сүйүүдөн көйрөңдөнөсүң. Бирок сүйүктүүң кан ичсе, сен кантип шербет ичесиң?..
Жалган, «сүйдүм» дегениң жалган…
Чындыгында, шербет ичүүгө уруксат берген жүрөгүң күнөөлүү. Анткени ышк анда жетиштүү бышпаган, ышк али өкүмдарга айлана элек.
Ышк жүрөгүңдүн өкүмдары болгон кезден баштап, сүйүктүүң кан ичсе – кан, уу жутса – уу жутасың!
Бул ааламдын сахнасында «сүйдүм» деген ашыктардын көбү – жалганчы. Чынчылдарында сырын ачууга күч жана батылдык жок.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.