НААДАНДЫКТЫН ТАМЫРЫ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Хакты кабыл албоо напсиге кулчулуктан башталат. Хакты кабыл алууну каалабаган адам чындыкты четке кагуу үчүн түрдүү каршы далилдерди ойлоп табат. Эми аны эч качан жеңүүгө болбойт. Хак орношу үчүн баары аны каалашы керек. Чындыкты издөө керек.
Наадандык дарагынын тамыры – дал ушул кесел.
Напс «Мен кудаймын» дейт. Ошон үчүн «ар бир каалоом сөзсүз кабыл алынсын» дейт. «Алдымдан эч ким чыкпасын» дейт.
Ушундайларга жолукпоо керек. Аларга сөз берметин текке чачпоо керек. Анткени берметтин баркын билбеген аны сындырат, бутунун астына таштап тебелейт.
Кандай гана жакшысың, Жалгыздык, Кандай гана сонунсуң, Унчукпастык. Раббим, мага Хакты көрсөт, Жалган дилден унутулсун!
Хакка ашык бол, эй, көңүл, Жинди болуп сүй, тынымсыз. Чыныгы азиздик ошол – Хактын алдында кор болсоң.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.