Ыйман
Эй аалам, такбир айт: Аллаху акбар!
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эй аалам, такбир айт: Аллаху акбар!Эй адам, такбир айт: Аллаху акбар!Эй калем, такбир айт: Аллаху акбар!Бул – Курман айт, аалам нурдуу,Өз жашын тизип көздөр да берметтүү!Шаттык гана сенин сырдашың,Кубаныч бейпилдигиңе малхамың,Үмүт көңүлүңдө бир шамың,Бул – Курман айт, жакындык кези бул,Бакыт жылдыздарынын Саманчынын жолу бул!Тилдин мойнуна алуусу бар, жүрөктүн тастыктоосу,Раббимдин тартуусу – айттын ташрик күндөрү!Эч үзүлбөсүн Теңиримдин тоофиги —Бул – Курман айт, сүйүү майрамы,Момундун түбөлүктөн тапкан сыйы!Эй досум, майрамың куттуу болсун!Досуң жалгыз Улуу Теңир болсун!Зикир-ибадатка бүт болмушуң толсун,Бул – Курман айт, жылмаюу кези!Сүйүүлүү сүйлөшүүнүн гана кези!Майрам баарыңарга куттуу, сонун, кубанычтуу жана берекелүү болсун, азиздерим!Акром Малик
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.