Даанышмандык
Улуу даанышмандардан Саади Ширази
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Улуу даанышмандардан Саади Ширази«Гулистанда» тутту бир хикмат гүлүн.Ал хикмат – акыйкат, каршы чыкпа,Ыклас менен тыңда, эй, чынчыл дилим!Илим чырагын көтөрүп талба,Бирок сага чын сөздү билдирейин:Илим үйрөтсөң эгер, гапылатта калба –Тексиз, пас затка билим бербе.Заты пас – никесиз төрөлгөн бала,Мүнөзүндө шайтандык сыпат аралаш.Иттен жакшылыктар келет андан ары,Зинадан төрөлгөндүн, билгин, бары ушул –Жамандыкты эч качан таштабайт ал,Жакшылыкка эч качан жообу жок.Зулум кылуу менен чектен чыгат,Нан тутсаң, төшүңө сайганы – ок!Көрө албастык чынжырына байланган напси,Дили өлүк анын, жандан жок белги.Курсагынын гана камын ойлогон ал кишиБөтөндүн акысынан сактанбайт!Чагымчылдык – анын туруктуу адаты,Жалааны суудай ичет токтобой.Жапайылыкка гана болот чакыруусу,Бузукулуктун сазын кечет токтобой.Эң чоң белгиси ушул, кайра бил –Кимден бир жакшылык көрсө арам зат,Жамандык кылбай эч койбойт,Чыккынчылыкты өзүнө жашоо туткан.Андай болсо, ага сен билим берсең,Албетте, анын «рахматы» – чыккынчылык.Зинадан төрөлгөнгө илим бербе,Анын ачуу азабын тартпаш үчүн!Тектүү заттар – урматтуу заттар,Нике коргонунда дүйнөнү көргөн.Кайсы жерде бир эзилгенди көрсө дарооЖакшылык имаратын тургузган, курган.Эгер илим берсең ушундай заттарга,Илимиңдин чырагын алышат сүйүп.Дайым берилгендиктин жолу менен жүрүп,Жаралуу жүрөгүңө сүйүүчү болушат!Бул менин сөзүм эмес, улуулар сөзү,Өмүр тастыктаган улуу чындык!Сага баян кылдым, эми көзүңдү ач,Аткаруу гана калды мойнуңда!Акром Малик
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.