Ыйман
Өз абалымдан абдан катуу коркомун,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Өз абалымдан абдан катуу коркомун,Кылган иштерим издеп келсе, эмне кылам?!Денемдеги калтыроом тарай электе,Раббим, алдыңдамын жүзүмдү жерге сүйкөп.Эгер өз абалыма таянсам,Өкүнүчтүн колунда өлүп кетмекмин.Сооп иштериме сүйүнсөм,Эч качан кубанычты сезбейт элем.Ар күнү жашоого күчүм калбайт,Ар түнү башымды коём чарчап, кайгылуу.Эмне кылайын, өзүмдөн өчүмдү ала албайм,Ар дайым жемелер мага жанаша.Абалымды оңдогун, мээримдүү Раббим,Рахматыңдын жибине илинген кыпындаймын.Күндөн-күнгө артууда ыйым, азабым,Эмне кылайын, сабырсызмын, шүгүрсүз жанмын...Ачык-жашыруун дартымдан кабардарсың,Сага белгилүү, акыры, ар бир сырым.Рахматыңдан мага пана бере көр,Каарыңдан чексиз коркомун, Теңирим!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.