ЖАШОО АБДАН ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА КООЗ, аны татаал жана жийиркеничтүү кылган — адамдын напсиси.
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ЖАШОО АБДАН ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА КООЗ, аны татаал жана жийиркеничтүү кылган — адамдын напсиси. Кайгыга батууга эч кандай муктаждык жок, жөн гана адам баласы таза болсун, күнөөлөрдөн алыс болсун! Текеберлик менен зээнсиздиктен арылсын; көралбастык менен калптан алыс кетсин; ушак менен чагымчылдыктан кутулсун! Өзүңдү бил, өзгөнү кой, ар кандай адамдар менен сүйлөшүүдөн жана дос болуудан кач, жакындарыңды ардакта, берилген, сабырдуу бол, жылмай, жеңил жүр, ибадаттарды калтырба, башкалар менен жашооңду салыштырба, барына канаат кыл, пайдалуу иш менен алек бол, баары абдан жөнөкөй, ар бир кишинин колунан келе турган иш эмеспи? Жашоо абдан жөнөкөй жана кооз, жөнөкөй гана жашайлык, ошондо кооз жашаган болобуз, иншаАллах! Күч-кудурет, даңк-атак жөнүндө ойлобо, өзүңдү кыйнаба, эй! Ырыскың үчүн дуба кыл, мына ушул да ырыскы үчүн кылынган себеп. «Вакыа» сүрөсүн оку, мына ушул да зор себеп! Ушул себептерди ишке ашыр, башкасы үчүн да дилгирлик келет, эми ырыскы деп өзүңдү отко уруп, чокко уруп эмне кыласың? Ырыскы берүү — Кудайдын иши, бербегенин тартып алмак белең? Бергенин кайтарып ыргытмак белең? Барына шүгүр кыл, бүттү. Эмне кыласың, ырыскы деп өзүңдү кыйнап! Сен өз ишиңди кыл, пенденин ишин кыл, чырагым.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.