ТӨРТҮНЧҮ БАП
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ТӨРТҮНЧҮ БАП
Биринчи бөлүм
КЫЗ
Уулу бардын орду бар, кызы бардын кадыры. Кызы бардын назы бар. Кыз — бейиштин ачкычы. Кыз — үй-бүлөнүн берекеси. Кыз — мээримдин булагы. Адамдар кыз көргөндө перзент мээримин табышат. Кыз — берилгендиктин символу, тазалыктын белгиси, жакшылык жана береке кабарчысы. Кызы бардын боору бүтүн. Кызы жоктун боору кемтик. Кыз — үй-бүлөнүн так жүрөгү. Ар бир кыз үй-бүлө үчүн өмүр менен өлүмдүн белгиси. Кыздар — үй-бүлөнүн сыры, шарафы. Кыз кандай болсо, үй-бүлө да ошондой. Кыздын ыйбасы жана тазалыгы — үй-бүлөнүн ыйбасы жана тазалыгы. Кыздын акылдуу, тез түшүнгөн жана зирек экени — үй-бүлөнүн саламаттыгынан жана соолугунан. Кыздын эмгекчил, адептүү, шамдагай болушу — үй-бүлөнүн кемчиликсиздигинен жана урпактын бийиктигинен. Кыздын бактылуу жана ыраазы, көздөрү жайнаган жана жүздөрү нурдуу болушу — ата-эненин акылмандыгынан, кең пейилдигинен жана бекемдигинен. Кыздын туруктуулугу, эрки, берилгендиги — урпактын, тукумдун тегинин чындыгы, сыпаты. Кыз ыйбалуу болсо, үй-бүлөнүн жүзү жарык. Кыз эмгекчил болсо, үй-бүлөнүн ырыскысы берекелүү. Кыз жумшак жана назик болсо, үй-бүлөдө тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Кыз коргоодо болсо, бүт үй-бүлө корголгон болуп эсептелет. Кыз бөтөн көздөрдүн коркутуусунан, чабуулунан жана шаһватынан аман болсо, үй-бүлөнүн теги, насабы, шарафы аман. Кыз сырдуу болсо, бул ал үчүн түбөлүк соот; кыздын тили таттуу болсо, бул анын түбөлүк калканы. Кыз канаатчыл жана баш ийген болсо, бул анын бактысынын кепилдиги. Эч качан мындай асыл сапаттуу жана кемчиликсиз кыздар бактысыз болушпайт. Үй-бүлөнүн төрүнө умтулган кыз — чексиз бактылуу. Кыз уятсыз; ач көз; жеңил ойлуу; акылсыз; шалаакы, ыйбасыз; сабырсыз; жеңил ойлуу; эки жүздүү; жалкоо; сөзү ачуу; бетпак; бети калың; тил албас; туруксуз; ойсуз; зирексиз; акмак болсо, ошол үй-бүлөнүн пайдубалына жарака кетиптир; тукум коркунуч астында, урпак кооптуу абалда калыптыр. Мындай кыз — ата-эненин мусибети; ага-инилердин шору; тие турган эринин бактысыздыгы. Көчөгө чуркап, үйдөн качкан, насаатты укпаган жана кароосуз калган — эң шордуу кыз. Бардык кыздарга толук жана бүтүн кубаныч, бакыт жана таза сүйүү жар болсун!
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.