Адам өз каалоолорунун дароо аткарылышына ач көз: тез бай болоюн; тез окумуштуу болоюн; тез үй алайын; тез…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адам өз каалоолорунун дароо аткарылышына ач көз: тез бай болоюн; тез окумуштуу болоюн; тез үй алайын; тез унаа алайын; тез үйлөнөйүн; тез турмушка чыгайын… Чынында, жүрөктө бир ниет, бир каалоо ойгонсо, ишке ашсын деп жүрөктүн дүрбөбөгөнү жакшы. Сел бардык жерди бузуп, тез эле тынат. Сай канчалык шаркырак салса, ошончолук кубаты начар. Коркоктун үнү бийик жаңырат. Терең ойлонуп, максаттарды аныктоо керек. Ошол максат жолунда токтоолук жана салабаттуулук, план жана туруктуулук менен кадам таштоо керек: күн сайын максатка умтул, бирок токтобо. Шашсаң, күн сайын максатың өзгөрөт; күн сайын кайгы тартасың; күн сайын көрө албастык кыласың. Шашпасаң, күн сайын иштейсиң; күн сайын натыйжа көрөсүң; күн сайын кубатка толосуң жана күн сайын мүнөзүң сулуу болот. Бир иштин башын кармасаң, албетте, түшүмүн терип аласың. Шек санаба.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.