Ыйман
Кутурган иттен кач, капканга чейин,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кутурган иттен кач, капканга чейин,Капса, ит сыяктуу сен да капчу болосуң.Раббиң кечирим эшигин жапканга чейин,Тообого шаш, балким ырайымын табарсың.Ар бир дарттын бир дабасы бар,Бирок бир дартка таптакыр шыпаа жок экен.Акмак адам менен кең аалам тар,Кач, жугузуп акмак болбоюн десең.Махоодон качкандай, пестен качкандай,Атүгүл жугуштуу оорудан, чумадан качкандай —Бир түрдүү наадан бар, жара ташкандайИчин кара ириң толтургандай.Жок, махоодон качпа, пестен да качпа,Жугуштуу оорудан, чумадан сактанба.Бирок шүгүрү жок кишиге кучагыңды ачпа,Шүгүрсүздөн кач өмүрүң барынча.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.