Сүйүү
Күйүп кеткен жүрөктүн сүрөтүн көрдүңбү?
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Күйүп кеткен жүрөктүн сүрөтүн көрдүңбү?Менден келип «абалың кандай» деп сурадыңбы?Ашыгыңды күйгүзүү сенин дартыңбы?Сүйлөөгө алым жок, валлахи,Зулумкорго суроом жок, валлахи!Кайда качарын билбеген мусапыр кушмун,Бар болгонум бир кыял, балким түшмүн.Рух Сени издеп кетти, бом-бошмун,Көзүмдө жашы кургады, валлахи,Кайдасың, рухумдун күнү, валлахи?!Сыртым бузулган, ичим жаралуу,Көздөрүң менен дилди олжо кылдыңбы?Бороондой желемин – таптакыр токтоо жок,Мекенинен айрылган кулмун, валлахи,Ар бир бөлүкчөсү кайгы кулмун, валлахи.Дүйнө бир бадал, келдим да кондум,Жамалыңды көрдүм да, өрттөндүм, күйдүм...Суусап турдум, көз жаш ичтим да, кандым,Бирок дагы күйөт ичим, валлахи,Кайсы чөлдөрдү кечтим, валлахи?!Сен тарапка гана учууга даярмын,Бирок батыра албайт бул асман гана...Топурак – демим, тар дүйнө гана,Сенден келген муң – кубаныч, валлахи,Сенсиз калуу кандай коркунучтуу, валлахи!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.