Даанышмандык
Түрдүү азаптардын шамалы согуп,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Түрдүү азаптардын шамалы согуп,Далы тоспогондо дос да, тууган да –Дартка чөккөн дервиштин жанына келип,Насаат бере баштады башка бир дервиш:«Башыңда Парвардигериң бар туруп,Кайгыдан өксүшүң жаңылыштык, жаңылыштык.Эгер чын болсо тарткан ах-зарың,Раббиңдин жардамына жетмексиң, албетте!»Көз жашы кирпик чачына жармашып,Дервиш жооп берди үнү калтырап:«Раббимдин ырайымына ушунчалык көнгөнмүн,Көбүрөөк ах тартам көбүрөөк ырайым издеп!..»Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.