Тил

Ыйман

Кумурскадай кор жаратылышмын. Аттиң,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кумурскадай кор жаратылышмын. Аттиң,Кумурсканы кор дедимби, кечир...Кандай гапылмын, Алла, жол башынанБир кор пенде эмес белем, кечир!..Кумурска сыяктуу жол басып баратам,Ааламдын ичинде мусапырдан мусапыр.Ырайымыңа зар кургаган эрдим,Чексиз чөлдөмүн Сени издеп...Эртең алдыңа кирип барам,Сапардын зулумунан кор, сандалган.Ушунчалык алсыз кулуңду көрүп,Ошол замат рахмат менен көз сал...Болбосо, дагы кайда кетем, акыры,Кимдин бутуна урам башымды?!Маңдайы шор, таңдайы ачуу – кермек,Кулуң күнөө ичинде төгүүдө жашын...Акром МАЛИК

3 670жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.