Тил

Даанышмандык

Бул – эски китептер, ак сакал жазуулар,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бул – эски китептер, ак сакал жазуулар,Беш же алты жүз жыл жашы.Сырдуу толкундайт сыйкырдуу өнөрлөр,Сыясы – бабалар жүрөгүнүн көз жашы.Бул эски китептер – өткөндүн руху,Балким келечекке жагылган чырак.Айбат, айкырык, дарттын улуулугу,Шайтандарга каршы шилтенген курал.Өткөндүн китептери – бүгүнкүнүн акылыЖете албас даражада улуу асман.Аны окууга укуктуу болотӨмүр сырына куштар адам.Өмүр сырын ачууну кааласаң,Кылымдар катмарынан китеп барактап көр.Анан көрөсүң адамзат төшүндөгү ташКанчалык азап, канчалык кыйноо!Анан көрөсүң: сокур бүгүн адамзат,Акыйкатты жалган деп бекитет.Жалганга мажнундай ашык, аттиң,Ар ким өз напсин зулум кожоюн кылган.Анан көрөсүң: дүйнө – зор бир тузак,Ар бир гүлү, кызгалдагы – өлтүрүлгөндөрдүн каны.Ар ким качып барат конуштан алыс,Жүрөктөр – гапылат деген караңгылыктын кени.Эски китептерде жашыруун экенБакыт-саадаттын ачкычы, валлах!Бирок ага баары бөтөн экен,Хакка эч ким тилектеш көрүнбөйт экен!..Акром МАЛИК
Бул – эски китептер, ак сакал жазуулар, — сүрөт

3 380жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.