Сабыр
Ушунчалык жөнөкөйсүң, ушунчалык наадан,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ушунчалык жөнөкөйсүң, ушунчалык наадан,Атүгүл бул дүйнөдөн дос издейсиң сен!Өмүрүң өтө берет көз жаштуу, зарлуу,Ышк, вафа деп эмне сүйлөйсүң сен?!Билдиң, бул ааламдын жосуну ушундай:Жалгыздык тамгасы маңдайыңда.Өзүң жакшы билген акыйкат күндөй ачык –Кайгынын Мекени босогоңдо.Абалыңа карасам, боорум ачыйт,Ушунчалык алсызсың – напсиңе багынган.Жүрөгүңдөгү отту ышк дейт акылың,Күл кылып сапырды сени күндөн-күнгө.Дүйнөгө батпайсың, тартасың зар,Ахың канга сиңет түтүн сыяктуу.Бойуң тик, жүзүңдө баары түзүк,Ичиң төгүлгөн, сыртың бүтүн.Жаралуу абалыңа ырайым кылсын Рабб,Акыркы үйүңдү кылсын жап-жарык.Тозокко таштап бербесин азап,Рахматын сенден аябасын.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.