Тил

Ыйман

Башыма не мусибат түшсө,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Башыма не мусибат түшсө,Өлтүр мени дебедим, Кудай.Сен жөнүндө жакшы ойдонБашкасы эч келбеди, Кудай.Сага дайым ишендим гана,Бергениңе кубандым гана,Күнөө кылсам ошо, күйдүм гана,Тозокто күйгүзбө, Кудай.Зикириң болду дилдин бейиши,Балким ашык кулдун бейиши,Сага карай жолдун бейиши,Бейишиңден чыгарба, Кудай.Өз напсиме жетпейт күчүм,Шайтанга да көп өчүм,Акыретке жараксыз көчүм,Мээримиңе зармын, Кудай.Кээде сүйдүм адам затын,Таттым ышктын ачуу даамын,Бирок кайра Сага батынып,Мухаббатыңды сурайм, Кудай.Сүйгөндөрүм салышты азап,Тарттым узак мусибат, кайгы,Көкүрөгүмдө жылтылдаган шам —Өзүң жактың, өчүрбө, Кудай.Ким кирген болсо жүрөгүмө,Ойноп жүргөн болсо жүрөгүмдө,Канжар урган болсо жүрөгүмө,Унуттум да, кутулдум, Кудай.Берген болсоң кандай таттуу нээмат,Кимге өңүндө, кимге түшүндө нээмат,Баары жакшы, баары кымбат,Шүгүр кылдым баарына, Кудай.Узак жашап, ибадат кылсам,Сага толук моюн сунсам!Мухаббаттан имарат курсам,Сенден ушуну сурайм, Кудай.Кылдай да күнөө каалабайм,Сенден башка дат айтар жер каалабайм!Сенден башка панаа каалабайм,Тилегиме жеткир, Кудай!Гапылдыктардан куткаргын,Бар болмушума ыклас бергин!Кулум десең өзгөчө, хас,Мындан башка не керек, Кудай!Акром МАЛИК

2 500жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.