Перзент өстүрүүнүн хикматы
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Перзент ата-эненин алдындагы карызын төлөй албайт. Ата-эне да перзентти карыздар кылып, кийин бул карызды төлөшү үчүн бакпашы керек. Ата-эне болуунун бир нече илахий хикматы бар. 1-хикмат. Жер жүзүндө жашоо уланышы үчүн. 2-хикмат. Мээрим-сүйүү жана ырайым-боорукердик өлбөшү үчүн. 3-хикмат. Кудайга баш ийүү жана сүйүү түбөлүк болушу үчүн. Ата-эне Кудайды тааныган жана ибадаттуу балдарды тарбиялап чыгаруу менен кулчулукту аткарышат. Баланын ата-энени акысыз баккан, тамак-аш берүүчү деп кабыл алышы кандай ката болсо, ата-эненин баланы карыздар, кызматчы, кул деп билиши да ошондой ката. Ар бир ыймандуу үй-бүлө момун жана мусулман баланы өстүрсө, жетет, максат ишке ашты — баары өз ордунда. Бирок маселе жана максат мындан тарыйса, мүшкүл жана бактысыздык көбөйөт. Бала кул, бала бут, бала санам эмес да, ага кожоюндук кылынса же сыйынуу даражасында жакшы көрүлсө! Бала – тукумдун улантуучусу, өлсөк, чырагыбызды жагуучу, башкача айтканда, динди, адеп-ахлакты, жакшылыктарды улантуучу.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.