РИСАЛАИ МАРГУБА
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Апамдын чоң аталары молдо Алим рахматуллахи алайх накшбандия жолунун муршиддеринен эле. Мурдагы Совет мустамлакасы доорунда элди динге, адеп-ахлакка туура жол көрсөттү. Хак жолдо болгону үчүн 20 жылдап камак жана сүргүн сыяктуу советтердин зулумун көрдү. Эне тараптан чоң бабабыз болгон бул зат баштапкы булактардын негизинде шакирттерине, перзенттерине илим берген. Айрыкча, молдо АбдулКадир Ташкенди аттуу аалым заттын «Рисалаи маргуба» аттуу китеби окуу программасы болуп кызмат кылган. Апамдын апалары, башкача айтканда, чоң энебиз мындан бир жыл мурда ушул китепти берген эле. Китеп Гуламия басмаканасында 1913-жылы басылган 4-басылышы экен. Акыркы барактарда китептин окурмандары акыл көзү менен каталарды оңдошу өтүнүлгөн. Чоң энебиз берген нуска ушунчалык көп окулгандыктан тытылып кеткен эле. Белгилүү болгондой, аны чоң энебизге маркум эжелери калтырган экен, ал кишиге болсо чоң бабабыз белек кылган экен. Камина китепти чоң кызыгуу менен колго алдым.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.