Тил

АУЛИЯЛЫКТЫН СЫРЛАРЫ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Аллахка дос болгон керемет ээлери кандай болушат?

Бул жөнүндө бир ажайып хикая бар, Сиз да окуп көрүңүз:

Хазрети Дауд Таи дарыянын жээгинде балык кармап отурган эле, жанында шакирттери бар болчу. Дарыяда бир кайык көрүндү, кайыкта эки эркек жана бир аял шарап ичип, көңүл ачып келе жатышкан. Шакирттер: «Устаз, ушул күнөөкөрлөргө бир дуба кылыңыз, алар да биздей күнөөлөрдөн качкан болушсун», – дешти. Шакирттер каргыш күтүп турганда, хазрети Дауд Таи Аллах булардын көңүл ачуусун бейиште да уланта берсин деп дуба кылды. Кайык жолун өзгөртүп, алардын жанына, жээкке келди. Жана күтүлбөгөн жерден кайыктагылар Дауд Таинин алдында ыйман келтиришти. («Суунун жыты» китебинен, 170-бет)

Ооба, аулиялар – пайгамбарлардын мураскорлору, пайгамбарлар адамдарды үмүтсүздүк туңгуюгуна таштоо үчүн эмес, үмүтсүздүк туңгуюгунан такыбалык жээгине тартып чыгаруу үчүн жиберилишкен. Аулиялар болсо алардын иштерин улантуучулар.

Хазрети Азиз Насафинин калемине таандык «Кемел инсан» китебинде ажайып сөз бар: «Актын ырайымы бүт ааламга. Пайгамбарлардын ырайымы өз үммөтүнө. Аулиялардын ырайымы ага ээрчиген жана аны сүйгөндөргө».

Өзүнө ээрчигендерден жүз бургандар аулия эмес. Алар да баары сыяктуу авам тобунан болуп, вали кейпинде гана көрүнүшөт.

2 240жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    «ХАЛКА» КИТЕБИНИН ӨМҮР БАЯНЫ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

    Алланын ырайымы, улуулардын дубасы жана жакшы адамдардын жардамы менен «Халка» китеби басмадан чыкты, алхамдулиллах. Бул мусапыр китептин оор бир өмүр баяны бар. Бул бечара китеп…

    3 мүн.

    Кийинки убактарда айрым адамдар билип-билбей өзбек элин айыптап жатышат. Бул нерсе бизди капа кылат. Андан…

    Кудайым кайырлуу жана берекелүү кылсын! Автор. Миң жылдан бери шан-шөкөт туусунун ээси, Улуу салгылаштарда жеңилбес кол! Чындыктын курмандыгы, Хактын издөөчүсү, Хактан күч алып…

    2 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.