АРИФТЕРДИН СЫПАТЫ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Илим – маалыматтарды эс тутумда сактоо.
Хикмат – пайда менен зыянды ажырата алуу.
Илимди топтогон адам – аалым.
Хикматты топтогон адам – хаким.
Бирок илим менен хикматты өз ордунда колдоно билген – ариф.
Кудайды дайыма эсинде тутуп, Кудайдын назарын сезген зат – арифи биллах.
Арифи биллахтын негизги иши – наадандарга сабыр кылуу.
Наадандарга сабыр кандай болот?
Кимдир бирөө билбеген нерсесин сүйлөйт. Унчукпайсыз.
Кимдир бирөө сизге жалаа жабат. Унчукпайсыз.
Кимдир бирөө жалган сүйлөйт. Унчукпайсыз.
Кимдир бирөө ушак кылат. Туруп кетесиз.
Кимдир бирөө үнүн көтөрөт. Унчукпайсыз.
Кимдир бирөө орой мамиле кылат. Унчукпайсыз.
Жерди карап жүрөсүз. Бардык адамга жылмайып коёсуз.
Сезимдериңизди сыртка чыгара бербейсиз.
Шашпай, акырын жүрөсүз.
Өз жакындарыңыздан башкага насаат кылбайсыз. Жакындарыңыз – үй-бүлөңүз, балдарыңыз, сөзүңүз өтө турган туугандарыңыз, абдан жакын досторуңуз, болсо, абдан ишенимдүү шакирттериңиз.
Эң бекем чындык ушул: адамдар насаатты кабыл алышпайт. Аларга акты айтам деп убара болбоңуз, акты айтып, жүрөктөрүндө уктап жаткан жамандыкты ойготуп жибересиз.
Эң чоң шарты... жүрөгүңүздө Аллах, Аллах, Аллах деп турасыз.
Жашооңуз өзгөрбөй калбайт.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.