Тил

УЗАК ӨМҮР КӨРҮҮНҮ КААЛАЙМ, билесиңби, эмне үчүн?

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

УЗАК ӨМҮР КӨРҮҮНҮ КААЛАЙМ, билесиңби, эмне үчүн?

Раббим берген тагдырды ыраазылык менен жашап өтүү үчүн.

Раббиме тообо кылып калуу үчүн.

Кудайыма көптөн көп ибадат кылуу үчүн.

Адамдарга көп кызматым жетиши үчүн.

Адамдарга көптөн көп мээрим таратуу жана алардын бактылуу болушуна себеп болуу үчүн.

Раббимдин жакшылыктары бул дүйнө боюнча да чачылган, ал жакшылыктарды куш дан чокугандай чокуп, терип жүрсөм жана мындан ырахат алсам!

Жүрөгүм шүкүр жана шыкка толуп-ташса!

Бул дүйнө да, акырет да Кудайымдын бийлиги. Кудайымдын бийлигинде моюн сунган бир кул болуп заман сүрсөм, акыры, мунун эмнеси жаман?

Узак өмүр көрүүнү, өмүрүмдүн аягында өлүм азабын көрбөй, шаттык жана кубаныч менен жылмаюуга толуп, акыркы сапарыма чыгып кетүүнү каалайм.

Узак өмүр көрүү жана Парвердигеримдин нээматтарына кубанып, ыраазычылык менен жашоо да сулуу, анан бул жашоонун бейишке уланып кетиши да сулуу.

3 800жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ТОПУРАК БОЛУУНУН, ТООТУЛБООНУН ЖАНА КОРДОЛУУНУН ЫРАХАТЫ урмат жана көккө көтөрүлүүдөн жакшыраак экенин билчү…

    Адамдар сени мактаган сайын ичиң кирге жана күйөгө толо берет. Көздөрүң сокур болуп, амалдарыңды баалоодо сыйпалап каласың. Мактап жаткандардын жана улуктап жаткандардын сөздөрү…

    1 мүн.

    ТАП-ТАЗА ЖАЛААГА КАЛУУНУН ЫРАХАТЫН БИЛЕСИҢБИ?

    Адегенде ушундай азапка салат, тиштериң бир жума токтобой ооруса да буга тең келе албайт. Кимдир бирөө көтөрүп... жок, Жусупту агалары кудукка көтөрүп ыргытып жиберишет го, так…

    1 мүн.

    КЕЧИРҮҮ ЖАНА ЖҮРӨККӨ КУДАЙДАН БАШКАНЫ КИРГИЗБӨӨ – азаптардын бүтүшү, шык-шооктун башталышы.

    Адамдардын сүйүүсүн талап кылууда напсинин үлүшү бар. Сени кимдир бирөө сүйгөнүнө сүйүнүшүң – напсиң ырахат сезип жатканынан далалат. Сени кимдир бирөө сүйсө, сүйүнбө. Анткени ал…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.