Тил

ТАП-ТАЗА ЖАЛААГА КАЛУУНУН ЫРАХАТЫН БИЛЕСИҢБИ?

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ТАП-ТАЗА ЖАЛААГА КАЛУУНУН ЫРАХАТЫН БИЛЕСИҢБИ?

Адегенде ушундай азапка салат, тиштериң бир жума токтобой ооруса да буга тең келе албайт.

Кимдир бирөө көтөрүп... жок, Жусупту агалары кудукка көтөрүп ыргытып жиберишет го, так ушундай: агаларың сени көтөрүшөт, ох, ох, ырахат деген учурда, бар күчү менен башыңды жерге каратып ыргытышат.

Жерге мээң менен урулганга чейин тамашалашты деп ойлойсуң.

Урулганда көз алдың кап-кара болуп калат.

Мээң жарылып кеткендей болот.

Ошондо алар сени ачуу менен, каар жана ырайымсыздык менен жерге урганын түшүнүп каласың.

Ыйлоого да, сыздоого да алың болбойт.

Анан арадан кырк күн. Сексен күн өтөт.

Анан көз алдың жарыйт.

Ошондо күнөөсүз элем го дейсиң.

Агаларыма эч нерсе кылган эмес элем го дейсиң.

Жалгыз айыбым – аларды сүйгөнүм эле го дейсиң.

Мына ушул жалаага кабылуунун мисалы болот.

Жалаага кабылгандан кийин акылың чогула турган күнү жалаага кабылуунун ырахатын табасың.

Акыры, сен бул жагынан тазасың.

Демек, сага жалаа болуптур.

Демек... бул касиеттүү бир ишке окшойт. Ак экениңдин сезиминен мас болосуң.

Кудайым менен сырдаш сезесиң өзүңдү. Анткени Ал да, сен да билесиң: сага жалаа болду. Кудай менен сен билесиң: сен бул маселеде тазасың.

Кудай менен сени сырдаш кылган жалаага рахмат, жалаачыга ыракмат.

2 230жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    КЕЧИРҮҮ ЖАНА ЖҮРӨККӨ КУДАЙДАН БАШКАНЫ КИРГИЗБӨӨ – азаптардын бүтүшү, шык-шооктун башталышы.

    Адамдардын сүйүүсүн талап кылууда напсинин үлүшү бар. Сени кимдир бирөө сүйгөнүнө сүйүнүшүң – напсиң ырахат сезип жатканынан далалат. Сени кимдир бирөө сүйсө, сүйүнбө. Анткени ал…

    1 мүн.

    АРИФТЕРДИН СЫПАТЫ

    Илим – маалыматтарды эс тутумда сактоо. Хикмат – пайда менен зыянды ажырата алуу. Илимди топтогон адам – аалым. Хикматты топтогон адам – хаким. Бирок илим менен хикматты өз…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.