ТОПУРАК БОЛУУНУН, ТООТУЛБООНУН ЖАНА КОРДОЛУУНУН ЫРАХАТЫ урмат жана көккө көтөрүлүүдөн жакшыраак экенин билчү…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ТОПУРАК БОЛУУНУН, ТООТУЛБООНУН ЖАНА КОРДОЛУУНУН ЫРАХАТЫ урмат жана көккө көтөрүлүүдөн жакшыраак экенин билчү белең?!
Адамдар сени мактаган сайын ичиң кирге жана күйөгө толо берет.
Көздөрүң сокур болуп, амалдарыңды баалоодо сыйпалап каласың.
Мактап жаткандардын жана улуктап жаткандардын сөздөрү дилинен чыгып жатабы, тилиненби – биле албайсың.
Бирок сени урушканда, жемелегенде чындыкка бетме-бет келип жатканыңды түшүн.
Өзүң жөнүндө эң туура сөздөрдү угуп жатасың. Кулактарыңа ак сөздү жеткирген Раббиңе шүкүр кыл.
Оорунба. Таарынба. Чынчылдын тилинен өп.
Сени таштап кетишсе, эки эсе кубанышың керек. Анткени адамдар өз ыктыярындагы ишти кылып жатышат. Алар өз эркин көрсөтүштү. Демек, адамдардын эркин жана азат болушуна уруксат бериптирсиң, эч кимди кул кылып кармап турган жоксуң, эч кимди зынданга салган жоксуң. Мүмкүнчүлүк бер, мүмкүнчүлүгү бар баары кетсин, кайкысын!
Сен кайкы.
Чын дилден ырахаттан.
Дүйнөдө көрдө жашагандай жашай албайсыңбы?
Өлгөнүңдө табытыңды миңдеген адамдар көтөрүшү мүмкүн.
Бирок көргө койгондон кийин кетишет. Ордуңдан туруп бир кишини кармап кала аласыңбы? Калгыла, кетпегиле деп айта аласыңбы?
Акыркы мекен жана шексиз чындыктын аты – Көр го.
Азыртан эле көрдө жашагандай жашаган адам Көргө түшкөндө жашоого кыйналбаса керек, иншаАллах. Валлаху аълам.
Жаназаңа келгендерди кууп чыга албагандай, алдыңа келгендерди куба.
Көрдө сени калтырып кеткендерди кармап кала албагандай, кеткендерди кармап калам деп айтпа.
Башкалардын да, өзүңдүн да эркин жашашың үчүн шарт түз. Көрдө адамдардан канчалык эркин болсоң, азыр да эркин бол. Башкалардын да ушундай болушуна тоскоол болбо, эч качан!
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.