ТЕГИҢ МЕНЕН ТЕКЕБЕРЛЕНБЕ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Насил, тек, урук — бейне бир кен сыяктуу. Кенде алтын болсо, миң жыл өтсө да ошол алтын чыгат. Күмүш болсо — күмүш, темир болсо — темир, гоохар болсо — гоохар, көмүр болсо — көмүр. Башкача айтканда, илим ээлеринен аалымдар, жол башчылардын урпагынан жол башчылар, устадан уста чыгышы абдан табигый.
Насил нике менен корголот. Нике коргонунда төрөлгөн перзент ата-энесинин бардык сапаттарын өзүндө сактайт, урпактарына жеткирип берет, өз амалдарында бул сапаттарды көрсөтөт. Ал эми никесиз төрөлгөн бала ата-энедеги бардык жамандыкты сактайт, келечек урпагына жеткирет жана өз амалдары менен көрсөтөт.
Адам теги менен сыймыктанып, текеберленүүгө болбойт. Тегин сактоо үчүн кам көрүшү керек, ал эми мактанышы — адеп-ахлактан тышкары иш. Адам өз тегиндеги жакшы сапаттарды ачып чыгарышы жана алар менен башкаларга кызмат кылышы, адамдарга жардам бериши шарт. Тегиндеги улуулук менен мактануу жана башкаларды төмөн көрүү текеберлик деп аталат. Ал эми текеберлик — Алланын сыпаты, бул сыпатка доомат кылгандар бейиштин жытын жыттабайт.
Бул тууралуу Суфи Аллаяр азиреттин ушул бейттерин окуп ой жүгүртүүбүз пайдалуу болот:
Текеберлик кылба, эй маанисиз, «Паланчанын уулумун» деп, паланчы. Эгер алдыңдагы кул болсо бийлөөчү, Көңүлүңдү кек-кастан кыл тазалап. Мурунку абалына салба назар, Аны Теңирим азиз кылса, не чара?!
Эй, маанисиз киши! «Мен палан адамдын уулу паланчамын» деп текеберликке кетпе. Кокус, алдыңда кызматта жүргөн кызматкер эртең мансапка көтөрүлүп, башчы болуп калса, ага моюн сун, «Кечээ кызматчы элең, бүгүн аким болуп калыпсың да» деген кек-кастыктан көңүлдү таза тут. Мурунку абалына караба, балким Алла Таала аны азиз кылган экен, андай болсо, пендесинин бул тагдырды моюнга алуудан башка чарасы жок.
Ишенбе атаңа, калба талаптан, Кыяматта суралбайт тек-насилден. Хасаб тектен жогору, эй жакшы ахвал, Жибек тондон ашат жакшы иштелген шал. Карача уулу кожо уулунан кем, Билимдүү болсо, сейидден да ашат.
Атаңдын артыкчылыгына, кемелдигине, тапкан абройуна ишенип, илим издөөдөн, салих амалдардын негизинде жакшы мүнөз калыптандыруудан куру калба, анткени Кыямат күнү тек-насил эске алынбайт. Эй, ички дүйнөсү таза адам, билгин, хасаб (такыбалык, көркөм мүнөз) тектен жогору турат, бейне бир жүндөн жасалган шал жакшы иштетилип токулса, сапаты боюнча кымбат баалуу жибек тондон да ашып кеткендей. Же болбосо «карача», башкача айтканда, теги асылзаада урукка байланбаган, жөнөкөй элдин перзенти, теги «кожо» уулунан кем саналса да, качан илим алып, билимдүү болгондо, кожолордун сабатсыз урпагынан даражасы ашат.
(«Саботул ожизин»ден алынган бул бейттердин түшүндүрмөсү устаз Рашид Зохиддин калемине таандык «Равойих ур-райхон» китебинин 191 – 192-беттеринен көчүрүлдү)
Бул бейттер теги менен мактанып, илим албай, наадандык жана текеберликтин туткуну болгондор үчүн жакшы тарбия. Хак Тааланын алдында Алладан корккон бечаралар Алладан коркпогон күчтүүлөрдөн алда канча артык.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.