Даанышмандык
Бул дүйнөдө көптүр таңгалуунун түрү,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бул дүйнөдө көптүр таңгалуунун түрү,Билем деген көбүнчө билбестик айкын.Дайыма чындыкты капысынан көрүп,Тилиң байланат, акылың калат таң.Мисалы, эки жүздүү адам баласынанЭки баштуу ажыдаар жакшыраак –Анткени сага ажыдаардын иши айкын,Эки жүздүүнүн ниетин билбейсиң бирок.Ажыдаардын эки башы көрүнүп турат,Бирин сенден жашырып жүрө албайт.Ал крокодилдин көз жашын да төкпөйт,Сүйүүсүн ашыкча билдирбейт.Бирок таңгалуунун эң кызык учуру,Ошондо жоголот акылдын сөзү,Башкача айтканда, эки жүздүү мунафыктардынАчыкка чыкканда экинчи жүзү.Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.