Ыйман
Көздөрүм сокур экен, сокур экен таптакыр,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Көздөрүм сокур экен, сокур экен таптакыр,Кимдирди улуу деп ишеним арттым.Сөздөрүн дедим туура жана акыйкат,Атүгүл атын дилде сактап жүрдүм.Бүгүн ачыкка чыкты акыры, ачык —Сокурдай көрбөгөнүм эмне экен — билдим:Тоо деп ойлогом, оо, Парвардигер,Кумурскага капыстан жолугуп калдым.Балким көрбөгөнүм бекер эместир,Анткени көз айнекчен мен алсыз, бечара.Майда нерселерди тизе бүкпөйүнчөЖана ийилбей туруп көрүүгө болбос, акыры.Майда нерселерге аралашпа деп,Кудайым колумдан кармаганын билдим.Курган тамырга суу куюп, карап,Гүлдөп, мөмө берерин күткөнүмдү билдим.Оо, Раббим, майда болуп калуудан сакта,Чычкандардын ичинде койбо мышыктай.Арстандардын даврасына мени кош, оо, Раббим,Мейли, ал даврада болоюн күчүктөй.Улуу кербениңде болсом да кайырчы,Атала үлөшсөң да ыраазымын, оо, Раббим.Досторуңдун ийниндеги хиркага атүгүлЧаңдай илинсем да, ыраазымын, оо, Раббим!Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.