Ыйман
Кудайым, адам баласын эч качан
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кудайым, адам баласын эч качанНаадан, жараксыз, туз урган кылба.Шайтанга илинген бечаралардыКемтик иштер менен мактанчаак кылба.Эгер нала кылсам, Кудайым, бул алКозголоң, тугяндан эмес таптакыр.Жөн гана алсыздыгымды мойнума алып,Аргасыз абалыма ыйлаймын, йа Хак!Жеген нанын ким көрбөсө эгер,Башкача айтканда, туз урбай жашай албаса ким,Көзүн сокур кылып чукуп албай турупАнын колдорунан кармабасын өлүм.Бирөөнүн нанын жеп сокурлук кылганСокур болгондо, көздөрү сыгылып аксын!Бул бузулган абалына, зарынаЧыккынчылык көргөн зат тойгуча баксын.Курсагыңды тойгузган азык гана нан эмес,Илим-ирфан, мээрим да – нан.Кай колдон нээматтарды жесе кайсы кул,Жегенин унутпай калса – ал инсан.Көңүл эмне экенин түшүнсөң эгер,Ар бир учуруң таза бир таң болсун!Эгер туз урган болсоң, сапарың – Сакар,Жеңишиң азаптуу бир уу болсун!Сөзүн ким тутса, антын ким тутса,Шексиз, улуу зат, улуу эр болот.Напсиси менен шайтанына ээрчиген ар кимКор-зар болот, жаш кезинде өлөт.Жакшылык кылган заттын көзүнө, эй, сен,Чөп сайган колдоруң кесилет мындан ары.Негизиң талкаланып, талкаланганың күйүп,Күл болуп ааламга чачылат, албетте.Шахтын тукумубу бол, мейли бектердин тукуму,Кайсы майданда кааласаң ойноктой бер,Сени кууп жетет мазлумдун зары,Өлбөйсүң уюган кандарды жутмайын.Сокур көзүң ачылбайт, валлаху аълам,Дүлөйлөргө обал ар кандай хикмат.Бирок жакшылардын башынан дайымЖаап турат Хактан магфират, рахмат.Айласыз кулдарга колун сунган,Эй, силер, чынчыл заттар, жарык – жолуңар.Эң тандалма пенделердин катарында, оомийин,Эки дүйнөдө сарвар болуңар.Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.