Сүйүү
КӨПӨЛӨКТҮН СЫРЫ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Көпөлөк жөнүндө абдан көп кеп бар,Айтышат: отко өзүн урат ал!Неге мындай тагдыр? Кандай максат бар –Отко мынчалык тайманбай кирет ал?!Неге күйүүгө ал мынчалык ашык –Күйүүнүн маңызында кандай сыр жашырын?!Бар болуудан, ачык бул ааламдан качып,Оттун кучагынан табарбы жахан?!Эч пенде билбеген мунун жообун,Атүгүл акылмандарга жабык бул табышмак.Мен болсо дейм: учуруп уйкуңду,Сен да алоо ичинде жаныңды бир күйгүз.Менин тынчым жок, ыктыярым жок –От чеңгелинде калбайт чыдам.Сен жөнүндөгү ойдун бир учкунуЖан-жаханымды өрттөйт аёосуз.Балким Сенин сүйүүң – алоодур, Валлах,Билбейм, чынжырланган Халилмин мен?!Отто күйбөсүмдөн акылым кабардар,Неге отуңа зар-кордурмун мен?!Эртеңим кандай болот – таптакыр караңгы,Бирок бүгүн абалым өтө мусапыр.Ушинтип жашай берсем күйүп күндөн күнгө –Көпөлөктүн сырына жетсем, не ажеп...Акром МАЛИК19-январь, 2023-жыл.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.