Тил

Жашоо

Жашоо деңиз экен. Мен бир кеме.

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Жашоо деңиз экен. Мен бир кеме.Кээде ойгонуп катуу бороон,Тоодой толкундар денемди көмөт...Тынч күндөр ушинтип алат салык...Кеме дедим алсыз денемди, анткениАлыска созулган сапарларым бар.Араң жүрөгүмдө көтөрүп жүргөнДагы оор-оор якорлорум бар.Сапарымдын аты — өмүр, эй жар,Качан бүтөрүн билбеймин, айхай.Якорум күнөө деп аталган, эй вах,Аны сүйрөөдөн турабы жашоо?!.Жалдырап деңиздин ортосунда мен,Коркуп каары катуу бороондордон да,Тушоодой якордон кутула албай эч,Мекенге карай муңдуу карап турам —Жолдош шамалдарга көз тиктим мусапыр,Балким келер деп кайыптан бир жардам...Көзүмдөн аккан эле кан — жуттум мусапыр,Көкүрөгүмдөн дарактай бийиктеди боздоо...Өсө-өсө дарак каптады толугу мененКеменин палубасын, желкендерин...Көрдүм кайыктарда сүзгөн нечен кулТикен дарак болуптур дегендерин...Оорулар кемени кыйнады узак,Якор оорлоду күндөн күнгөүнсүз.Мекенге жетпей чөгөмбү, ох?!.Муну кайдан билсин темирлер сезимсиз?!.Бирок кайдыгерлигимди моюнга алам, йа Раб,Бейкабар калгандай өз абалымдан,Ичимди толтуруп азаптуу жара,Унутта калыптырмын нур жамалыңдан...Эгер Сен кылбасаң кулга мээрим,Кайдан кылмак эле өз абалын айкын?!Атүгүл ыйлоо үчүн таппай эч кубат,Күлдөй чачылмак желге тозуп...Ырайым кылганың үчүн сүйлөдүм, Теңирим,Жардамың менен абалымды ачыктадым,Өзүң Мээримдүүм, Өзүң аль-Карим,Дарт-кайгыларыма бергейсиң шыпаа!..Акром МАЛИК8-июль, 2023-жыл.

1 910жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.