Ыйман
Бир эски чындык жөнүндө сага
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бир эски чындык жөнүндө сагаКабар берейин, кулак сал, каранчыгым.Сыноодон өтпөгөн ар бир жаңы нерсе,Албетте, алдайт, билгин, чырагым.Өчпөс чындык ушул: кайсы адамХакты мойнуна албаса, Хактан жүз бурса,Шексиз, ал шайтанга окшош,Ага таасир этпейт ар кандай насаат, сөз.Напсин кудай билип, ага баш ийип,Күнөө деңизине чөгүп барат.Ар кадамда ага жолдош – балээ,Башында куюндай кырсык айланат.Бирок баарынан бейкапар ал шордуу,Ааламда баарына айып тагып жатат.Сокурдук, көрбөстүк чектен ашканда,Ар кандай насаат ысырап болот, аттиң.Бирок ким катасын мойнуна алса,Чындыктын алдында башын ийсе –Атасы Адамдай истигфар айтып,Жүрөгүндө тообо күнүн жаркыратат.Раббим, мени шайтанга ээрчитпе,Шайтанга ээрчиген ар кимден сакта.Мени дайым ыйманга ээ кылып,Дүйнө чөлүнөн аман өткөр!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.