Даанышмандык
Эгер кимдир бирөө катаңды айтса,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эгер кимдир бирөө катаңды айтса,Капа болбо, баарынан мурда Кудайга хамд айт!Айткан адам да кадырлуу болотСага кемчилигиңди ачып берген кезде.Анткени Сага мээрим көрсөтүп КудайПенденин тили менен акыйкатты жеткирди.Эми бул рахматтан өзүңдү ажыратаКөрбө, унутпа бул сонун сабакты.Оору кыйнаса денеңди, жаныңды,Дарыгердин сөзүнө кулак төшөйсүң.Денеңди ооруттай, каныңды төкпөйЖаман мүнөз бир күнү өлтүрөт.Чын эле жаман мүнөзүңдөн, жаман жоругуңданКабардар кылган адамга таарындыңбы, эй, дос?!Амалкөй напстин колунан кутулуп,Жүрөккө кадам кой, таарынган дос.Ачуу-каарга толгон ааламдан туруп,Бир күнү нурга толгон жүрөккө келесиң.Ким күзгү тутса, башынан өөп,«Улуум, муршидим, пирим» дейсиң.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.