Сүйүү
Сүйүүнүн түрүнөн кабарың барбы?
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сүйүүнүн түрүнөн кабарың барбы?Түсү кандай болот? Кейпи кандай?Сүйгөн ар көз ирмемде миң жолу өлөт,Миң жолу тирилет, мисалы, мендей.Тунук болсо керек сүйүүнүн түсү,Анткени тазалыктын белгиси – тунук.Сүйүүнүн жарасы ар дайым жаңы,Ошондой эле анда жок опа да, ынсап да.Анткени ашык жандын көз жашын ичип,Дагы да жайнайт сүйүү дарагы.Савдайы өзүнүн савдасынан кечип,Бул ааламдын эсинен танган, дендароосу.Сүйүү ачуу сөзгө айланат кээде,Таарынычтар ичинен кээде табат мекен.Сүйүүнүн ажырагыс досу – ажыдаар,Башка аттары бар – ажырашуу, айрылуу.Айрылыктын иши – жагуу, күйгүзүү,Балким, күйгөндөрдү күл кылуу, болду.Денеңе жоктуктан кийим кийгизүү,Үстүңдөн күлүңдү чачуу ошол замат.Сүйүү – максатка карай жалгыз жол,Сүйбөгөн конуштан абдан алыс.Ким али чийки, бышпаган кул,Сүйүү отунан соо калууну каалайт.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.