Тил

Даанышмандык

Бакыт үчүн таттуу сөз, ачык жүз жетет,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бакыт үчүн таттуу сөз, ачык жүз жетет,Ооруларды жеңип күлүү – татыктуу иш!Таттуу сөз жүрөгүңө жоогазын сунат,Тили таттууларга афарин, алкыш!Таттуу сөз – сабырдын назик гүлү,Жемиши бакыт болот, саадат болот.Кайсы пенде болсо жоош, таттуу сөздүү,Үйүндө нур болот, бейпилдик болот.Бирок тили ачуу болуу – балээ,Пендеси да тажаган, Кудай да тажаган.Кутурган нефс тилге уу салат,Ачуу сөз ар жүрөккө жеткирет азап.Тили ачуу кишинин ийгилиги күлбөйт,Үстүнөн жаайт бактысыздык ташы.Уулуу шылдың кимдин мүнөзү болсо,Кайгы тузагына тыгыптыр башын.Акром МАЛИК

2 800жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.