Тил

Жашоо

Жоготуу оор, жоготуу ачуу,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Жоготуу оор, жоготуу ачуу,Бир бөлүгүң кеткендей болот, аттиң.Ар бир жоготуу – жүрөктө сайгыч,Таштабай өмүр бою рухуңа жолдош.Эң оболу соо болсун ата-энебиз,Узак жыл жашасын шат, бейкапар.Алар башыбызда – көлөкөлүгүбүз,Дилдери көрбөсүн эч качан азап.Ата-эне бизди төрөдү, чоңойтту,Бирок жарык жолду көрсөтөт устат.Өмүрдүн эң кыйын, азаптуу чагындаСага устатыңдан келет жардам.Анткени кайгыңды жашыруу зарылКарып калган атаң менен энеңден, албетте.Ошол себептен устаттын кучагына качыпБарышың туура, тартсаң машакат.Устат жолсуздукта жолго салат,Караңгы түнөктө жагат чырак.Артыңдан дубалар менен колдойт,Канча кетсең да алыстап, ыраак.Ошол себептен устаттар саламат болсун,Тоодой туруктуулук берсин Кудай.Кимдин устаты бар, баркын билсин,Аны душман жеңе албайт, канча аракет кылса да.Сен дарак болсоң эгер, унутпа, эй эр,Тик турууга жетпейт такыр дарманың!Сен үчүн ыйлап, дарт тартпасаКудай буйруган адал жубайың.Перзентиң, келечегиң үчүн соо болсунЫйбаада, уятта туруктуу үй-бүлөң.Бутуңдун астында жашыруун тоо болсун,Башың асмандарга жетиши үчүн.Бала – жүрөгүңдөн өнгөн жемишиң,Үзүлсө, титирейт бүт ааламың.Бала – сенин сырың, сенин жолуң,Аны менен чоңоёт кубанычың, кайгың.Балаң ооруп калса, абалыңды баянКылуу үчүн жетпейт сөздөр.Балаң ыйлабасын, күлсүн ар качан,Балаңдын бакыты менен күндүз – кечтер.Башыңа капыстан жааса кырсык,Көтөрүшүң үчүн далы керек.Таштабасын берилген тааныш, курбу,Чын достор тоодой сага таяныч.Аман болсун дайым опалуу дос,Оору эмне экенин ал билбесин эч.Башына жааса да жамгыр, мөндүр, кар,Душмандардын алдында жыгылбасын эч.Сен үчүн жан күйгүзөт урук-тууган,Бактың – ага-иниң, эже-сиңдилериң.Ар бири – жылдыз, ар бири – күн,Аман болсун баары – таза көңүлдөр.Кудайым, ырайым кыл кулдарыңа сен,Алсызбыз баарыбыз күзгү жалбырактай.Улуу Даргада шаа менен тиленчи тең,Жерге чачылабыз бир күн топурактай.Өзүң колдобосоң, абалыбыз кыйраган,Жүрөккө жарыкты илхам кыласың.Бизди адаштырбасын калпычы сагым,Өзүңө жол башта, жетет, вассалам.Акром МАЛИК

2 620жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.