Жашоо
Жашым он жети, он сегиз, он тогуз,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жашым он жети, он сегиз, он тогуз,Жыйырма үч эле, же жыйырма төрт.Кыскасы, өспүрүм элем, бирок эч качанӨзүмдү бышпаган же морт деп билчү эмесмин.Майдан көрбөй туруп арстан элем, акыры,Моюн ийчү эмесмин тоолор алдында.Насаат кылса ким, кор көрдүм,Кезүүнү сүйчүмүн бактар алдында.Чын сөзгө кылдай да чыдачу эмесмин,Мен билгеним гана чын эле, болду.Чынында, нефсиме берилгендик сактап,Шайтанга ээрчип жүргөм дайым.Пайдам жөнүндө сүйлөсө жакшы адамдар,Кулагымды бекитип качкам алыс.Анткени дилде кайгы, көздө нам жок,Колумда желбиреп текебердик аттуу туу.Ушунчалык көзүмдү каптаптыр парда,Ушунчалык аң-сезимим караңгыда калыптыр –Акыл акмакчылыкка чөгүптүр, ажап,Өзүмчүлдүк бар-жогумду колумдан алыптыр.Сүрөтүмө толугу менен суктанып,Аалам ичинде кемел адам элем мен.Дарт-кайгы элине кылчайып карабай,Баары айыптуу, аппак элем мен.Бир ооз сөз менен сындырдым, миң аттиң,Ондогон көңүлдөрдү ойлонбой, ырайымсыз.Өз атыма гана тилектеш болуп,Даңк-атак эле кыялым гана.Кутурган нефс канча кутурса,Ага керек болот ылайык жаза.Эми оорутпаса аны бир тикен,Эми камчы алат колуна каза.Камчылар астында өткөрдүм жылдар,Дале денемде камчынын оорусу.Эй, нефсине ашык, нефсине кулдар,Силерди күтүп турат мүсибат мизи.Эй, чын сөздөн жүзүн бурган азизим,Чын эле, каалабайсыңбы жаныңа куткарылуу?!Меники эмес бул айткан сөзүм,Бул сөздүн ээси – ушул ачуу өмүр.Эгер четке каксаң насааттын берметин,Эгер мусапыр калса жаныңда устат;Эми ар абалыңа айласын көрүп,Тарбияң менен алектенет өмүр.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.