Тил

Ыйман

Көрдө калгандай болом кээде,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Көрдө калгандай болом кээде,Айлана жымжырт, өзүм жап-жалгыз.Сага таянам, Кудайым, жалгыз,Нур бербесең, өмүрүм таптакыр караңгы.Көзүмдү толтурат мусапырлык жашы,Кимсиздик бурчунда калдым муңайып.Батып достордун да мээрим күнү,Денем кадам шилтейт алсыз бүкүйүп.Кимди сүйсөм, аны жоготтум, аттиң,Сүйүү десе, дилде ойгонот коркунуч.Айрылык талаасы башымда пана болгондо,Сүйүүгө көңүлдүн батабы чеги?!.Бул кандай иш болду – алсыз акылым,Ышкым бар-жогумду жок кылууда.Кимди сүйүп ага умтулса жүрөгүм,Андан башыма жаайт балээ.Бирден-бирден таштап кетти кимди сагынсам,Аларга ээрчип акыл-эс жоголду.Келип көр, эй айрылуу, кыйраган абалымды,Азаптан казына жыйып байып кетиптирмин!«Сүйбө» деп дилге буйрук беремин,Бирок ал баш ийүүгө бөтөн.Ышк мизи сайылып, кан дарыя болгондо,Ким айтат: канкор ким, ким – өлтүрүлгөн?!Узун ахтар гана өрлөйт көккө,Узун түндөр гана арам уйку.Жүрөктү толтуруп кып-кызыл чокко,Абалыма аянып ыйлайт кайгы.Ахым сүйгөнүмө жетсе, жетиштүү,Бактылуумун: «Ким, – десе, – бул алсыз киши?»Айрылык дарына асылдым, балким,Ышк шейиттигине татыктуу көрүлсөм!..Акром МАЛИК

4 960жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.