Жашоо
Адам жашайт экен талоон ичинде,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адам жашайт экен талоон ичинде,Чынында, убакыттын иши – талап-тоноо.Адамдын өмүрүн бөлүк-бөлүк кылып,Алып кетет, бирок дайыма ач.Кыскасы, талаш ичинде жашап адамзат,Жан үрөйт байлыгын сактоо үчүн.Чапкылап-чуркайт ал, кыйкырат,Байлык деп сарптайт бүт бар күчүн.Үйүн кайтарат түнү-күнү,Унаага парвана, уйкусун бузуп.Эгер акча жөнүндө кетсе бир сөз,Ар кандай жипти таштайт үзүп.Кана эми, опа кылса бул байлыктары,Өзүн бузуку аялдай алып жүрөт –Бүгүн койнуңда анын сулуулары,Эртең башканын кучагында жатат.Колдон чыгып акчаң, унааң, үйүң,Бир жолу да сен тарапка кылчайбайт.Сен болсо демге зар болгон абалдаБайкайсың – өмүр кантип алдайт.Ошол себептен, эч качан колуңдан кетпес,Чыккынчылыкты билбес байлыктарды тап.Аларга канча сарптасаң да ысырап эмес,Аларды кайтар жана тооп кыл.Эң оболу ыйман – эң улуу байлык,Ак ниет, берилгендик – баа жеткис.Ишеним – колуңдагы кудуреттүү дөөлөт,Эч жерде таштабайт, демиңе дем болуп жүрөт.Дагы сүйүү, эй ынтызар,Жүрөктүн ичинде сактоого арзыйт.Буларды казына деп кайтарсаң, болду,Сен менен акыретке кетүүгө даяр.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.