Тил

Сүйүү

Ышктын чөлүн кезбеген чакта,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Ышктын чөлүн кезбеген чакта,Айрылыктын оорусун сезбеген чакта,Дүйнө ааламынан безбеген чакта,Хакка барар жолду көрө албайсың.Ышктын чөлүн кезсең да, бирокСүйгөнүң үчүн ыйлап зар какшабасаң,Денеңе батпай көзүңдөн дарыяТашыбаса, Хак жолунда жүрө албайсың.Хак жолунда жүрдүң, бирок ар дайымТарткан азабыңды рахат деп билбесең,Атүгүл өмүрүңдү да бербесең,Висал даргасына бара албайсың.Чындыктын нуру, көрүнүшү – ышк,Аалам элинин тилеги – ышк,Эрендер, абдалдардын мактоосу – ышк,Ышксыз Жамалын көрө албайсың.Ышк келсе, мизинен төшүң тилинет,Жаныңды күйгүзсө, рухуң тазарат,Бул кандай маарифат, кандай сонун аң-сезим –Ышксыз бутуна баш ура албайсың.Акром МАЛИК

3 820жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.