Жашоо
Миз сайган колуңду өбөмүн, досум,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Миз сайган колуңду өбөмүн, досум,Дагы уу бергин, шексиз ичемин.Майли, ушул колуңда өлөмүн, досум,Бир заматта баарынан кечемин.Өзүн актаса кимдир, кокус,Айыптаба – тилеги ак болуу экен.Жүздөрүңдү сылап жүрсүн жел,Анын да максаты таза болуу экен.Майли, сен айткандай кара жүзүм,Эми жаман көрүп тартпа көп азап.Эки дүйнөдө таппа күнөөкөр изимди,Кудай менен жалгыз калтырдың, рахмат!Бир күнү куштарды мейман кыламын –Өлгөндө өлүгүмдөн дасторкон жайып.Бирок жакындаба, келбе эч качан,«Сөөгүн көмөйүн» деп лакат казып.Раббимдин алдында калдым жалгыз өзүм,Мен да сага кылам жакшылык толук:Менден алыс болуп көрбө эч жүзүмдү,Ушул менден жакшылык болсун сен үчүн!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.