Даанышмандык
Кээде кесүү керек, кээде чабуу,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кээде кесүү керек, кээде чабуу,Оорудан кыйкырсын бейтап. Аяба.Оорулар ичинен шыпаны табуу –Ырайым, боорукердик ушул. Башкача түшүнбө.Кээде бузуу керек баштан-аяк,Өлүү шарт кайрадан тирилүү үчүн.Далыга жааса илахий таяк,Мээрим деп бил жаңыдан курулуу үчүн.Кээде кетүү керек башты алып, болду,Бут кайда жетсе – ошончо кеткин.Чакырсын келип ар кайдан үн,Бирок жооп бербе, максатка жеткин.Кээде чөгүп кеткин таштай, биротоло,Миң жыл жат унчукпай суунун түбүндө.Кээде жер үстүн арам деп билгин,Өмүр сүр үңкүрлөрдүн тегерегинде.Кээде кан түкүргүн, кээде кан кускун,Кээде уу ичкин достун колунан.Өзүңдү дүйнөнүн отунан тоскун,Майли, кайтып келбе кеткен жолуңдан.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.