Жашоо
«Сени досуң сатты» дебеңиз мага,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
«Сени досуң сатты» дебеңиз мага,«Бооруң жалаа таратты» дебеңиз.Атүгүл миз сайылса бул алсыз денеге,Ишенбеймин такыр, кабатыр болбоңуз.Кайсы бир досту саткан болсом, аттиң,Мени да сатат бекен кайсы бир жакыным?!Сүйүү мүлкүндө чындыкты негиздеп,Кайсы боорумду унуттум, я Раб?!Дайым Хактан сурадым тообо, истигфар,Дайым салих адамдарга умтулдум, аа!Ишенемин, ак сүт көрбөстөр чыкпайт эч качанБоорума баскандардын ичинен такыр.Анткени тектүү адамдар болду маектеш,Жаныма келген жок бир дагы арамы.Мээрибизге күбө болгондорКете алышпайт эч качан танып.Балким, тагдырдын иши мажбурлап,Кимдир алыстар көздөрүндө жаш.Бирок унутууга жетпейт күчү,Биротоло үзүлүүгө таппайт чыдам.Анткени жүрөгүбүздүн ахын, зарынДайым угат Кечиримдүү Алла.Ким көргөн болсо бул дилдин сыныгын,Кантип батынсын душман болууга?!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.