Ыйман
Өзүм кемел болсом, өзүм таза болсом,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Өзүм кемел болсом, өзүм таза болсом,Сенин тарбияңа барбы муктаждыгым?!Качан жарадар болсом, төшүм тилинсе,Алдыңа келдим, болгун куткаруучум.Эгер оңдой алсам өзүмдү сенсиз,Сага салат белем өлүгүмдү, жан?!Туура айта алсам сөзүмдү сенсиз,Бутуңа жыгылбайт эле башым эч качан.Эмнеге эми менден жийиркенесиң,Эмнеге бурасың бейтабыңдан жүз?Оорулууларга сенде жок беле боорукердик,Жазыңда хазан чачат беле күз?!Майли, абалыбыздан жийиркене бер,Майли, бетибизге баш тартуу эшигин жап.Ишенебиз – Кудай кабыл алат,Даргасына келдик кара бет, кыйрап.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.