Тил

Сүйүү

Сенсиз өткөн ар бир көз ирмемдин өтүшү машакат,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Сенсиз өткөн ар бир көз ирмемдин өтүшү машакат,Сенсиз түндө таңдардын атышы машакат.Ар мүнөт сааттай, сааттар күндөй узун,Күндөр жумадай гүйө, жумалар айдай муңдуу.Убакыттын созулушун сенсиз калганда билдим,Сабыр жибинин үзүлүшүн сенсиз калганда билдим.Топурактай жерде жаткан чыдамым түгөндү,Сабыр-чыдам аталган кыялдарым жок болду.Сен келчү жол да мынчалык наз кылбаса,Айрылык колунда көңүл кылы да күүлөнбөсө.Сенин көзүң түшкөн дубалдар гүлгө окшойт,Сен болбосоң, гүлзарлар саргайып, оорулууга окшойт.Дартымдын дабасысыңбы, таңдын желисиңби?!Сүйүүнүн гүлзары, берилгендиктин мекенисиңби?!Келсең, көзүмдүн бүчүрү ачылат тунук болуп,Жүзүңө тигилемин сыпатыңды мактоочу болуп.Эми кармап болбойт өткөн көз ирмемдерди такыр,Көзүм илгей албайт күткөн учурларды атүгүл.Айлар жумадай чапкыр, жумалар күндөй ылдам,Күндөр сааттай өтүп, саат бир демдей шашкын.Сен кеткенде, кайра ар көз ирмем жылга айланат,Көз ирмемдердин буттары жерге байланып калат.Сүйүүдө айрылуу оор, күтүү – эң кыйыны экен,Бул иштер залим убакыттын калп оюну экен.Акром МАЛИК

4 920жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.