Тил

Даанышмандык

Өзүңдөн кетпегин, өзүңдө болгун,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Өзүңдөн кетпегин, өзүңдө болгун,Кетсең эгер, өзүңө келишиң абзел.Өзүңө ылайык иштерди кылгын,Дайыма чегиңди билишиң абзел.Аракет кылба элге болууга жооптуу,Жол башчымын, жолду билем деп айтпа.Кудай эмессиң го, эй бечара кул,Эң туура ишти мен кылам деп айтпа.Жөн гана жакындарыңды кыл кабардар –Кайсы иш жакшы, кайсынысы жаман.Сынык дилдерге болуп тилектеш,Өзүңдү балээден сактагын аман.Кимдир бирөөгө өкүм чыгаруу мен менен сендейАлсыз кишилердин иши эмес.Чынында, ашыктардын жалгыз максаты –Кулум десе жетет Парвердигери.Коюп кой адамдардын жакшы-жаманын,Ар кой асылат өз бутунан.Дайыма болсун Сенин Ак мээримдүүң,Үзүлбө туура жолдун чырагынан.Акром МАЛИК

4 390жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    АШЫКТАРГА

    Сүйдүңбү, күйүүгө ыраазы бол да, сүй, Өзүңдөн танууга ыраазы бол да, сүй.

    Сүйүү

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.