Тил

Даанышмандык

Адамдардан таарынба, өзүң да адамсың,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Адамдардан таарынба, өзүң да адамсың,Кээде акылдуу болсоң, кээде наадансың.Кемчилик менен сапатыңа карап, көп таң каласың,Таң калба, ар иштин сулуу хикматы болсо,Муну аңдайт хикматка кимдин кайраты болсо.Адамзатты толтурган ар кемчилик, ар катаБилдирет: эң кемел, мыкты Зат – Кудай.Адегенде сүйүү, анан айрылууну Өзү кылат тартуу,Башка түшкөн бул ажайып, акыл жетпес савдолор,Кудайга бара турган жолду ачат бул чуулар.Ким жамандык кылса, жек көрбөсөң андан,Жакшылык кылуудан баш тартпасаң түрдүү күндө,Жүрөгүңдүн таза экени аян болот ошондо –Балким, жүрөгүң таза болот ушундай окуя менен,Эгерде жашасаң сен Кудайдан хикмат тилеп.Топуракка кара – кандай сабак – бардык тирүү анын мойнунда,Өлгөндө кайра орун берет өлүктөргө койнунан.Бирок нааразылыгы жок – чыкпайт өрт оюнан,Актын өкүмүнө дайым моюн сун топурактай,Балким, асмандардын үстүндө ишке ашар максатың.Акром МАЛИК

2 770жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.