Даанышмандык
Бир жигит кары абышкага ээрчип,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бир жигит кары абышкага ээрчип,«Сизге суроом бар!» – деп кайрылды үн салып.Даанышман карады көтөрүп башын:«Мейли, айт, – деди. – Эмне тилегиң?»«Кандай кишилер болот жашоодо пас,Шерефтүү аталат кандай адамдар?»«Адам таза болсо ичинен, түптөн,Эң оболу эң туура жашоону тандар.Билгин, тили башка, дили башка зат,Башкача айтканда, эки жүздүү болсо кимдир –Пастыктын кудугуна кулаптыр, аттиң,Жүрөгү кыйроодо, суусап өлүп баратыр.Ким көңүлүн көрө албастыктан тазаласа,Тилинен таза сөздөр жаңырса ар дайым;Таза болсо иши да, жүзү да жарык,Аны десе болот шерефтүү адам».Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.