Ыйман
Бөлүк-бөлүк болуп чачылган элем,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бөлүк-бөлүк болуп чачылган элем,Бүртүк-бүртүк кылып чогултуп келатасың.Өзүмдү чайнадым, майдалап жедим,Алдымдан мен болуп чыгып келатасың.Ааламды толтурган күндүн нуруЖүрөктүн кепесине кире албайт.Таштап кетсе адамды акыл-эси,Мастай чуу салып, тентий берет.Балким, эриндеринен чыккан үндүКулагы сезбейт, аңдабайт.Чеңгелинде эзип рух аттуу кушту,Азаптын себебин түшүнүп жетпейт.Ичтен чыккынчы напсинин козголоңу чексиз,Сырттан шайтан келет кошуунун тартып.Дене чебинде акыл менен жүрөк ганаТаң калып катып калат рухту ооруткан бойдон.Ошондо капыстан жаңырып жардам азаны,Рухка кайрылуу келет: «Такбири камат!»Гүё бирден тынып фитна чаңы,Кайра төрөлөсүң сап-саламат.Акырын кадамга кулак саласың,Бирден тынчып калат сырттан чабуулдар.Акыл менен жүрөктү жууп көк булак,Таңдай гүлдөй баштайт караңгы түндөр.Асмандан нур чачып түшөт топ-топ –Периштелер колунда чынжырлар кармап.Жерди акырын жаап салмактуу тынчтык,Иблистер коюлат чынжырга байланып.Эми жалгыз напсинин чуусу калды,Жалгыз напси кылат тополоң адепсиз.Бирок сырттан эч жардам келбеген абалдаНапсинин үнү акырын басаңдайт.Бирок дагы илахий бир ырайым бар, ажайып,Напсини сындырууга берилет курал –Күн бою «Я Ак!» деп ырахаттан кечип,Орозо менен напсини тебелейсиң.Түнү-күнү болгон чабуулдар, валлах,Тынып, рухуң табат бейпилдик-тынчтык.Эми Актан сурап нажат менен башпаана,Анын жардамын алышың мүмкүн.Бөлүк-бөлүк болуп чачылган элем,Уюп-уюп жуттум түнү-күнү кан.Кучагыңды кең ачып, жылмайып келдиң,Жүрөгүмө нур менен кирдиң, Рамазан.Эй, ырайым мезгили, мээрим айы,Кечиримдин дарыясы ташкан Рамазан!Оорулуу көңүлдөрдүн аман жайы,Он эки ай ичинде өзүңсүң султан!Шах менен гадайды ажыратпайсың сен,Эч кимди куубайсың алдыңдан эч.Баарынын кепесин жарытасың тең,Кетпейсиң эч кимден түшүндүрбөй кечип.Кааласа кайсы бир шордуу, алсыз,Тообо эшигине барасың баштап.Ыйласа кайсы бир, боору-жигери кан,Жарым жолдо эч качан кетпейсиң таштап.Кечир, урматыңды кыла албасам эгер,Кечир, боло албасам шаныңа татыктуу.Бирок ишенгин, мен кул ар сапарСага өлөр абалда келгем, тажап-чарчап...Раббим, Сага шүкүр, чексиз шүкүр –Кечиримге оронгон айды бердиң.Пендең өз абалынан жийиркенгенде,Тазаран деп бул улуу дарыяны бердиң.Жардам бер, напсимден болоюн жеңүүчү,Жардам бер, жардамыңды токтотпо бир ирмем.Дийдарыңа болуп ар бир көз ирмем ынтызар,Жүрөгүмө айланып калса эле, Куран...Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.