Ыйман
Жүдөгөн пендеңмин, мээримдүү Теңирим,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жүдөгөн пендеңмин, мээримдүү Теңирим,Сенден башка эч зат панаам эмес.Зикириңсиз калам адашып, саргарып,Эскербей Сени, жүрөгүмө бейпилдик келбес.Сүйүүңдү бергин, кылгын ашыгың,Кайсы ишти сүйсөң, кыласың сүйүктүү.Рухумдун аты — арман менен ыйы,Кимди сүйсөң, аны мага кыл тилектүү!Ышкың менен толуп-ташып турбаганӨмүрүмдө калбасын бир карыш жер да.Дүйнө зынданынан Сага качпаганКулдун бар болмушу — түбөлүк кайгы!Бир күнү жашоомдун аягы бардыр,Көз ачып-жумгуча көз да жумулат.Бүгүн азап ичинде бул дене зардыр,Эртең кап-кара жерге көмүлөт.Кудайым, Сага карай жолго чыккандаТегерегимди толтургун досторуң менен.Рухум бул дүйнөдөн көчүн жыйгандаКантип барайын кем-кемчиликтерим менен?!Балким, таза заттардын урматы үчүнКечирим пардасын жабарсың, Теңирим!Коркуулардын ачуу үрөйү кетип,Ырайымыңдан орун табармын, Теңирим!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.