Тил

Жашоо

Эй көзүмдүн гөөһары, мээримимдин огу,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эй көзүмдүн гөөһары, мээримимдин огу,Эй сөзү таттуум, көзү таттуум!Аман-эсен өтсүн өмүр сапары,Жолдордо жыгылба эч мүдүрүлүп!Дайыма жаркырасын бактыңдын күнү,Эч качан батпасын жүрөгүң кайгыларга.Жаша шык-шаттыктан ар бир ирмем ташып,Туткун болбо эч качан азаптуу демдерге!Бир гана унутпа, карегим, жаным,Чындыкты сүйбөгөн залым шах эмесмин!Көктөргө жетсе да оттуу зарым,Адамга казылган кара кудук эмесмин.Кулмун, калптан безген, жөн гана,Чын сөзгө баш ийген акыйкатчылмын.Сүйүү сөзүн айтпа мага жасалма,Калпка чыдай албас кормун, чөпмүн.Мейли, бир нерсени жашырасың унчукпай,Кандайдыр сырларды кылбассың ачык.Ар ким өз тилине өзү өкүмдар,Сенин сырларыңа кийлигишим жок эч!Бир гана чын сүйлө, алдаба эч качан,Таттуу калптардан уу ичирбе.Мейли, көчкү келип, басып калсын кар,Бирок чындыктын изин өчүрбө!Алдасаң, ааламга от кетет, ишен,Тозоктон ашкан — калптын оту.Жалганга түшпөсүн ишиң эч качан,Алдамчы сөз айтпа атүгүл адашып!Бир күнү хикмат нуру жүрөгүңө толуп,Хактын жалтылдашын тапсаң кокус,Баары чын сөздүн түшүмү болуп,Чын сөздөн куткарылууга жетет дүйнө.Акром МАЛИК

2 640жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.