Сүйүү
Сени эстебеген күнүм жок менин,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сени эстебеген күнүм жок менин,Сени ойлобогон түнүм жок менин.Сени эстебестен өтпөйт көз ирмем,Сени эстебестен атпайт таңдар.Пайыңа баш коюп жатамын кээде,Түпсүз кыялдарга батамын кээде.Балким, эстейсиң мени күн сайын,Кайда экен деп бооруң түтөп…Жаныңа барайынбы, чакырбасаң да?!Балким, барганымды жактырбасаң да?..Күн сайын каттар жазып, өчүрүп, айрыдым,Күн сайын миң жолу атыңды атадым.Кантип кылсам сенин көңүлүңдү табам?Сага бара турган жолду табам?!Балким, эстебейсиң, мени унуттуң,Балким, менден бирөө көңүлүңдү суутту.Мага карабасаң, кандай чарам бар?..Бирок сенден башка кандай жарым бар?!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.