Тил

Ыйман

Кээде кайдыгер болдум, кээде эсим жар,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кээде кайдыгер болдум, кээде эсим жар,Кээде берилген болсо, кээде шум жар.Сага моюн сунмак, Сага ийилмек —Ушул менин жашоомдо жалгыз ишим, Жар.Жарым Өзүңсүң, мээрбан Раббим!Барым Өзүңсүң, мээрбан Раббим!Сенин эшигиңде жүргөн итиңмин,Ырайымыңа суусаган мен зар, Раббим!Кээде нафска оодум, жолумдан аздым,Кээде билип туруп тикенди бастым!..Эч качан эч кимге кудук казбадым,Эгер казсам, өзүмө гана каздым.Азап каалабадым бир да жанга эч,Не дарак, не адам, не жаныбарга — эч!Эгер ката кылсам, катамды, ой Раб,Сүйүү себептүү болду, Өзүң кеч!..Жанымда нафсымдын түрдүү согуштары,Сөзүмдө оорунун түрдүү түстөрү.Жүрөгүм карайгандыр күнөөлөрүмдөн,Бирок анда болгон эмес көрө албастык даты.Кээде ысык келсе, желпиндим, Раббим,Кээде суук келсе, тепиндим, Раббим.Кай абалда, кай жерде болсо да, бир ганаСенин досторуңа талпындым, Раббим.Сага кул болмок — жалгыз максатым,Ушул кыял, ушул ой менен чоңойдум, өстүм.Берген тагдырыңа ыраазымын толук,Башканын дасторконуна созулбас колум.Билип-билбей сүйдүм пенде затын,Акыры бул сүйүү берди додумду.Вафасыз, жапакеч наадандар ичиндеАтүгүл унуткам насабымды, атымды.Алардын азабы кетпеди дале,Ачуу жаралары бүтпөдү дале.Балким, дарыдыр бардык изтироп,Демек, илдетим кетпеди дале.Ал чактарда жүрөгүм кызуу чок эле,Досторумдан, жарлардан көңүл ток эле.Көкүрөгүмө канжарлар сайганда, билдим —Сүйгөнүмдөн башка айыбым жок эле.Сенин буйругуң — бекем, тыюуң — туруктуу,Ага милдеттүү ашык да, абид да.Соо-саламаттардын мойнунда чынжыр,Бирок жиндилерден мойнунан түшкөн.Сенсиз өзүмдү кантип күнөөдөн сактайын?!Топуракка көмүлдүм, акыры, тирүүлөй...Кулдардын көзү сокур, баары наадан,Сенден башка кимге өзүмдү актайын?Ар кимге тоободон, ой Раб, бер нээмат,Жок кечиримде, ырайымыңда чек.Урматыңа көздө жаш менен жүзүгүп,Бул кулуң абалынан кылат шикаят.Тоатың жолунда сакта деп түбөлүк,Сенден сураганым — Сага сүйүү...Баштан-аяк кара болсом да,Мазлум кулдун дубасын кабыл кыл!..Акром МАЛИК

3 980жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.